20 млн жандыкка 1 миң эле мал доктур: Ветеринария тармагында кадр тартыштыгы айтылды

Коом Загрузка... 02 Апрель 2026 11:50
1033146588_0_0_3000_1695_600x0_80_0_0_4c13a0121430e217ed1780de6b95806d.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Өлкө боюнча 1 миң 146 мал доктур, 20 миллионго жакын мал-жандык бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Кумарбек Исаков билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары ветеринар кесибине жаштар келбегендиктен, иштеп жаткан мал доктурлардын жарымынан көбү 60 жаштан жогорку курактагылар.

"Өлкө боюнча 1 миң 146 ветеринардык кызматкер иштейт. Малдын саны боюнча маалымат берсем, кара мал 2 млн, майда жандык 7 млн, бардык мал-жандыктардын түрүн кошкондо 20 миллионго жакын. Ал эми мамлекеттик кызматтан тышкары, 1 миң 146 дагы кошумча жеке ветеринарларыбыз бар. Мамлекетибизде жалпы 1 980 айыл бар болсо, анда азыркы мезгилде болгону 1 миң 174 ветеринар иштейт. Алардын 50 пайыздан ашыгы 60 жаштан жогорку куракта. Азыркы кезде бул адистикке жаштар келбей жатат. Ошондуктан аргасыздан улуу курактагы адистерди суранып иштетүүгө аргасыз болуп жатабыз", — деди Исаков.