Бишкек, 25.12.25 /Кабар/. 1975-жылы салынган Ош-Папан-Кожокелең унаа жолу оңдоп-түзөөгө муктаж. Бул тууралуу Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагынан келген делегат Алипбек Дүйшөбаев билдирди.
Ал өлкө башчысына аймактагы көмүр кендери жана Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунун абалы тууралуу айтты.
“Райондун түштүк-батыш тарабындагы кичи Алай жана Кожокелең тоо кыркаларында ондогон көмүр кендери иштеп жатат. Алардын баары жеке менчик компанияларга таандык. Биздин айыл аркылуу 30 тоннадан көмүрү бар 100дөй жүк ташуучу унаалар өтөт. Бир күндүн ичинде 3 миң тоннадан, ал эми бир айда бери дегенде 90 миң тонна көмүр ташылып жатат. Ушул көмүр кендери мамлекеттин менчигине өткөрүлсө, бюджетке миллиондогон кирешелер түшмөк деп ойлойм.
Андан сырткары, 1975-жылы салынган Ош-Папан-Кожокелең унаа жолу оңдоп-түзөөгө муктаж. Жолдун тардыгынан улам, жеңил унаалардын Ак-Буура дарыясына кулаган учурлары да катталат.
Бул тарапта негизинен Кара-Суу, Ноокат, Араван райондорунун эли жашайт. Эгерде жол жасалып кала турган болсо, жергиликтүү эл үчүн чоң жардам болот эле”,-деген өтүнүчү менен өлкө башчысына кайрылды ал.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында IV Элдик курултай өз ишин улантууда. Ага 231 айыл аймактан жана 33 шаардан шайланган жалпы 700 делегат катышууда. Курултай эки күнгө созулуп, эртең да уланат.