Бишкек, 13.02.25. / Кабар/. 1-марттан тарта Бишкек-Кербен каттамы ишке кирет. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан тартып “Асман” авиакомпаниясы Бишкек-Кербен каттамын ачат.
Каттам ар ишемби күнү аткарылат.
Билетти asmanairlines.kg тиркемесинен сатып алууга болот.