Былтыр Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү $10,2 млн жетти – Аскар Сыдыков

Экономика Загрузка... 21 Июль 2025 14:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. Былтыр Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 10,2 млн долларга жетти. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин башчысы Аскар Сыдыков “Кабар” агенттигине билдирди.

WhatsApp Image 2025-07-21 at 13.59.19.jpeg

Анын айтымында, бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 2,7 эсеге көп. Кыргызстандан Монголияга экспорт 2024-жылы 8,9 млн долларды түзгөн. Монголиядан биздин өлкөгө келген импорт 1,3 млн долларга жакындаган.

“Биздин байкообузда Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык 2019-жылдан 2024-жылга чейин стабилдүү түрдө өнүгүүдө. Эки мамлекеттин алакасы өзгөчө 2024-жылы жогорку көрсөткүчтөргө жетип, Кыргызстандын экспортунун өсүшү дээрлик 9 млн долларды түзсө, буга чейин бул көрсөткүч 1,7 – 2 млн доллар болгон. Ал эми Монголиядан импорт 2019-жылы 0,4 млн доллар болсо, 2024-жылы 1,3 млн долларга жеткен. Бүгүнкү күндө соода алакалар активдүү түрдө жогорулап жатат. 2025-жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын экспорту 36,3% өсүүнү көрсөтүүдө”, - деди ал.

Аскар Сыдыков белгилегендей, эки мамлекеттин алдыда дагы көп тармактарда кызматташтыкты арттырууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Монголияда айыл чарба тармагы өнүккөндүктөн, алардан жаңы ыкмаларды, технологияларды алмашсак болот. Айыл чарба продукцияларын сатуу менен гана чектелбестен, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга да мүмкүнчүлүктөр кеңири.

WhatsApp Image 2025-07-21 at 13.58.36 (1).jpeg

“Каржылоо механизмдерин колдонуу менен Кыргызстан буга чейин Азербайжан, Өзбекстан, Россия менен эки тараптуу өнүктүрүү фонддорун түзүп, учурда алар алгылыктуу иштерди жүргүзүп жатат. Менин оюмча, ушундай эле өнүктүрүү фондду Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда ачса да жакшы натыйжаларды көрсөтөт. Мындан тышкары, экспортко басым жасаган чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнө сертификация иштеринде жана көргөзмөлөргө катышууда колдоо көрсөтүү зарыл”, - деп эсептейт Аскар Сыдыков.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин башчысынын пикиринде, туризм, курулуш, энергетика, логистика, транспорт тармактары боюнча алаканы кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү жогору. Монголиянын президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келиши менен эки өлкөнүн кызматташтыгынын жаңы деңгээлге чыгарына үмүт артылууда.

“Учурда бизнес коомчулук менен байланыштар түзүлүүдө. Бир-эки ай мурда монголиялык микрофинансылык компания жаңы кеңсесин ачты. Лондон биржасына баалуу кагаздарын чыгарды. Биздин кыргыз делегация Монголияга, монгол тарап биздин өлкөгө келип турат. Туризм, курулуш, энергетика, логистика, транспорт тармактары боюнча кызматташуу пландары тургандыктан, алаканы кеңейтүү мүмкүнчүлүктөр жогору. Аба каттамдарынын санын көбөйтүү аркылуу эки өлкө ортосундагы туризмди алдыга жылдырсак болот. Ошондой эле Монголия аркылуу башка өлкөлөргө авиакаттамдар аткарылса, логистиканын баасын алда канча азайта алабыз. Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарат деп үмүт кылып жатабыз. Анткени мындай сапарлар алакаларды арттырууга көмөк көрсөтөт”, - деп баса белгиледи Аскар Сыдыков.

WhatsApp Image 2025-07-21 at 13.58.36.jpeg

Кошумчалай кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун сүйлөшүүлөрү болду. Анда ондон ашык документтерге кол коюлду.