Бишкек, 23.06.25. /Кабар/. Таласта музей жана мектептерди курууда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Айтматов районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анда Аманбаев айыл өкмөтүндө жайгашкан Р.Шүкүрбеков жана Э.Эсенаманов атындагы орто мектептеринде курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө, ошондой эле Шекер айыл өкмөтүндө жайгашкан Ч.Айтматов атындагы үй-музейдин курулушунда мыйзам бузууларга жол берилип, мамлекетке 1 млн 700 миң сомдон ашык зыян келтиргендиги аныкталган.
Аталган фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, материалдар Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнө тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.