Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Жылдыз Шеримбекова Жогорку Кеңештин аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
Парламенттен билдиришкендей, тиешелүү тескемеге төрага Марлен Маматалиев кол койду.
Жылдыз Шеримбекова 2012-жылы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин "Эл аралык мамилелер" адистигин аяктаган. Эмгек жолун ошол эле жылы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясында иштөөдөн баштаган.
2015-2018-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы, 2018-2022-жылдары Борбордук шайлоо комиссиянын маалыматтык бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
Ошондой эле 2022-2024-жылдары Улуттук статистика комитетинин төрагасынын кеңешчиси, 2024-жылдан тартып президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын эксперти болуп иштеп келген.
Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматты Жайнак Үсөн уулу аркалап келген.