Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргыз геологиялык кызматы тарабынан 20 компаниянын лицензия алуу боюнча арыздары каралып, канааттандырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, лицензиялар төмөнкү багыттар боюнча берилди:
- көмүр казуу боюнча — 12 лицензия;
- мунай жана газ боюнча — 3 лицензия;
- алтын казуу боюнча — 3 лицензия;
- курулуш материалдары боюнча — 2 лицензия.
Кабыл алынган чечимдер өлкөнүн минералдык-чийки зат базасын натыйжалуу өздөштүрүүгө жана тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө багытталган. Бул долбоорлорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүүгө, бюджетке түшүүчү салыктарды көбөйтүүгө жана аймактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга шарт түзөт.
Бардык лицензиялар мыйзамда белгиленген тартипте, ачык-айкындуулук жана бардык талап кылынган жол-жоболорду сактоо менен берилгендиги белгиленди.