Жыл башынан бери өлкөдө 893 млн долларлык интервенция жүргүзүлдү

Экономика Загрузка... 28 Апрель 2026 12:25
7.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. 2026-жылдын башынан бери Улуттук банктын валюталык интервенцияларынын көлөмү 893,45 млн долларды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч мурунку жылдарга салыштырмалуу бир кыйла көп.

"Интервенциялардын өсүшү объективдүү факторлорго байланыштуу. Акыркы төрт жылда өлкө экономикасы жыл сайын болжол менен 10% деңгээлинде туруктуу өсүш темпин көрсөтүүдө. Реалдуу сектордун кеңейиши тышкы соода операцияларынын көбөйүшү менен коштолууда, ал эми аларды тейлөө үчүн чет өлкө валютасы талап кылынат", - деди ал.

Ошол эле учурда Улуттук банк интервенциялардын көлөмүн эл аралык резервдерге болгон катышы менен баалоо зарылдыгын баса белгилейт.

Үстүбүздөгү жылга карата алардын көлөмү 9 млрд доллардан ашты жана өсүүнү улантууда.

"Ошентип, интервенциянын көлөмү көбөйгөнүнө карабастан, алардын эл аралык резервдерге карата деңгээли орточо бойдон калууда, ал тургай мурунку жылдардын көрсөткүчтөрүнөн төмөн. Бул валюталык саясаттын туруктуулугун жана өлкөнүн финансылык системасынын жетиштүү деңгээлдеги коопсуздук запасы бар экендигин айгинелейт", - деп кошумчалады төраганын орун басары.