Жыл башынан бери Кыргызстанда 651 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Экономика Загрузка... 17 Июль 2026 10:55
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 17.07.2026. /Кабар/. 2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда жалпы 651 чакырым унаа жолу толугу менен асфальтталды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 265 чакырымга көп. Бул тууралуу Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2025-жылдын июль айына карата республика боюнча 386 чакырым жолго асфальт төшөлгөн.

Министрлик жол куруу иштеринин көлөмүнүн өсүшү жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун айгинелей турганын белгиледи. Жаңы жана сапаттуу жолдордун курулушу аймактар ортосундагы транспорттук байланышты жакшыртып, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болууда.

Учурда министрлик өлкө аймагындагы унаа жолдорун куруу жана оңдоо иштерин улантып, долбоорлордун аткарылышын көзөмөлдөөнү жүргүзүүдө.