Жыл башынан бери Кыргызстан миң тоннадан ашык сабиз экспорттоду

Экономика Загрузка... 24 Март 2026 12:07
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. 2026-жылдын башынан бери Кыргызстан чет өлкөлөргө 1 миң 13 тонна сабиз экспорттоду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, экспорттун басымдуу бөлүгү, башкача айтканда, 902 тоннасы Россияга, ал эми 111 тоннасы Казакстанга жөнөтүлгөн.

Алсак, жакында эле Россиянын Пермь аймагына 20,7 тонна сабиз жеткирилди. "Россельхознадзор" лабораториялык экспертиза жүргүзүп, фитосанитардык документтердин жарактуулугун тастыктап, сатууга уруксат берди.

Россия Федерациянын маалыматы боюнча, өткөн жылдын ушул мезгилинде Пермь аймагына Кыргызстандан мындай көлөмдө продукция жеткирилген эмес.

Белгиленгендей, өткөн жылы айыл чарба жана кайра иштетүү тармагында олуттуу өсүш байкалган. Жалпы соода жүгүртүү 186,1 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 22 пайызга өскөн. Анын ичинен былтыр жалпы 8 миң 405 тонна сабиз сыртка сатылган:

  • Россия — 4 546 тонна;
  • Өзбекстан — 2 610 тонна;
  • Тажикстан — 849 тонна;
  • Монголия — 353 тонна;
  • Казакстан — 38 тонна;
  • Армения — 8 тонна.