Бишкек, 27.04.26 /Кабар/. Жыл башынан бери дыйкандарга 1427 техника лизингге берилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, алынган техникалардын жалпы баасы 4 млрд сомду түздү.
Облустар боюнча алганда:
- Чүй облусуна -715;
- Ысык-Көл-облусуна - 155;
- Ош облусуна - 126;
- Жалал-Абад облусуна - 209;
- Талас облусуна - 89;
- Нарын облусуна - 64;
- Баткен облусуна - 69 техника алынды.
Долбоор "АБанк" ААК жана "Элдик Банк" ААК аркылуу ишке ашырылууда.
Белгиленгендей, аталган долбоор башталган 2011-жылдан бери жалпы 32,4 млрд сомго 11 миң 710 айыл чарба техникасы лизинге берилди.