Бишкекте Жусуп Баласагын атындагы КУУнун 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө

Коом 861 25 Октябрь 2025 11:01
WhatsApp Image 2025-10-25 at 08.20.27 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-25 at 08.20.47 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-25 at 08.19.55 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-25 at 08.19.29 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-10-25 at 08.20.27 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-25 at 08.20.47 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-25 at 08.19.55 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-25 at 08.19.29 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.10.25 /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө.

Салтанаттуу иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, билим берүү жана илим тармагындагы мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, университеттин окутуучулук курамы жана студенттер катышууда.

Алгач университеттин 100 жылдык тарыхын чагылдырган тасмада окуу жайдын калыптануу, өнүгүү жолу көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, 1925-жылы негизделген окуу жай Кыргызстандагы эң алгачкы жогорку билим берүү мекемеси катары өлкөнүн илимий, маданий жана интеллектуалдык өнүгүүсүндө өзгөчө роль ойногон.

100 жылдык мааракеде университеттин кылымдык тарыхы, агартуучулар менен илимпоздордун эмгеги, миңдеген бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтери жана өлкөнүн коомдук турмушуна кошкон салымы белгиленүүдө.