Жыл аягына чейин жолчуларга дагы 118 техника тапшырылат

Коом
Жыл аягына чейин жолчуларга дагы 118 техника  тапшырылат

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Жолчуларга жыл аягына чейин 118 техника тапшырылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жол тармагын өнүктүрүү жана техникалык базаны чыңдоо иштери улантылууда.

Министр белгилегендей, акыркы 4-5 жылдын ичинде сатып алынган жана пландалган техникалардын жалпы саны 1500гө жетет.

“Алдыдагы жылдары дагы техника сатып алуу, жаңылоо жана чарбалык керектөөлөрдү камсыз кылуу чараларын күчөтүү көздөлүүдө. Жол куруу көлөмү жыл сайын өсүп жаткандыгына байланыштуу техниканын жетишсиздигин жоюу үчүн курулуштун көлөмүнө жараша техникалардын көбөйтүү учурдун талабы”, - деди министр.