Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. ИИМде коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча жыйын өттү.
Ведомстводон билдиришкендей, "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” кабыл алынган мыйзамдын алкагында, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын борбордук аппаратына коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча жыйын өткөрүлүп, өздүк курамга эскертүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө ИИМдин Ички иликтөө кызматкерлери тарабынан эгерде коррупциялык фактылары аныкталган учурда тиешеси бар адамдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттолгон адамга өмүр бою белгилүү бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө тыюу салынып, күнөөлүү адамга карата эркиндигинен ажыратуу түрүндө милдеттүү түрдө жаза берилип, мамлекеттин бюджетине келтирилген зыяндын ордун толук толтурууга тийиш болоору эскертти.