Жол эрежесин одоно бузган өспүрүмгө 50,5 миң айып салынды - ЖКККББ

Укук тартиби Загрузка... 01 Май 2025 16:27
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 01.05.25. /Кабар/. Унаа башкарууга укугу жок болуп, одоно жол эрежесин бузган өспүрүмгө 50 миң 500 сомго айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жол инспекторлору кызмат өтөө учурунда "Тойота Камри" үлгүсүндөгү унаанын мамлекеттик номуру жок, терезелерин мыйзамсыз караңгылатып бара жаткандыгын көрүшкөн.

Айдоочу кызматкерлердин токтотуусуна баш ийбей качкан.

Акыр аягы унааны токтотуп, текшерүү учурунда жашы жете элек өспүрүм унаа башкарууга укугу жок туруп, мыйзамсыз терезелерин караңгылатып, мамлекеттик номурун атайын чечип башкарып жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча айдоочуга 50 миң 500 сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду.