ЖККУ башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов "Ардак" төш белгиси менен сыйланды

Коом Загрузка... 27 Ноябрь 2025 14:00
gx2j3g9o3euxaur0lkxs8n0h1d37gbeu.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов ЖККУнун биринчи даражадагы "Ардак" төш белгиси менен сыйланды.

Белгилей кетсек, Тасмагамбетов Бишкекте ЖККУ жыйынында "Эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери жана сессиялар аралыгындагы мезгилдеги ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары" аталышында баяндама жасады.

Маалым болгондой, 2026-жылдын 1-январынан тартып Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими уюмунун башкы катчысы Таалатбек Масадыков болот.