Энергетика жана сугат: Парламенттин профилдик комитетинин жыйыны өтүүдө

Жогорку Кеңеш 15 сентябрь 2026 12:25
Энергетика жана сугат: Парламенттин профилдик комитетинин жыйыны өтүүдө
copyright icon Кабар

Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында энергетика жана ирригация долбоорлорун каржылоо жана ишке ашыруу маселеси каралууда.

Атап айтканда, депутаттар бюджетти, ошондой эле Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2026–2028-финансылык жылдарга карата каржылоо планы боюнча алкактык келишимдин долбоорун талкуулашууда.

Андан тышкары, жыйында туруктуу энергетикага өтүү үчүн инновациялык каржылоону караган iFAST каржылоосу боюнча келишимдин долбоору каралууда. Бул маселе боюнча энергетика министринин орун басары Салават Садыракунов баяндама жасады.

Ошондой эле комитет мүчөлөрү Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Улуттук сугат инновациялык программасы боюнча келишимдин долбоорун карап жатышат. Бул багытта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу ресурстары кызматынын директору Уланбек Төрөгелдиев маалымат берүүдө.