Бишкек, 20.06.25. /Кабар/. 2025-жылдын 28-майында министрлер кабинети кабыл алган тиешелүү токтомго ылайык, жер мунапысын жүргүзүүгө арыз кабыл алуу 1-июлда аяктайт. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башкы адиси Ринат Алыкулов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, жер мунапысын жүргүзүүгө арыздарды кабыл алуу гана аяктайт, бул жер мунапысы аяктайт дегенди түшүндүрбөйт.
“Ушул убакка чейинки түшкөн арыздардын бардыгы андан ары жол-жоболоштуруп, улантыла берет. Жер маселеси тууралуу көптөгөн көйгөйлөр болгондуктан, 2022-жылы жер мунапысы боюнча “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам иштелип чыкты. Ушул мыйзамда көрсөтүлгөндөй, жер мунапысы мамлекет тарабынан жерлерге мыйзамдуу статус берүү туралуу бир жолку өткөрүлүүчү акция”, - деди Алыкулов.
Белгилүү болгондой, 2022-жылдын апрель айында президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзам иштелип чыгып, кабыл алынган. Ушул мыйзамды аткаруу максатында ушул эле 2022-жылдын 31-майында минкабдын токтому менен жер мунапысын жүгүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилгенин Ринат Алыкулов кошумчалады.
“Ушул мыйзам, жобо күчүнө кирген күндөн баштап, учурга чейин республиканын аймактарында ар бир жергиликтүү мамлекеттик администрациясында, шаарлардын мэрияларында жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиялар түзүлүп, учурга чейин өз иштерин жүргүзүп келе жатышат”, - деди ал.