Жеке ишкерлердин мамлекеттик каттоо күбөлүгү санариптештирилди

Экономика Жүктөлүүдө... 24 Июль 2026 14:20
1072748564_1029_0_3076_2047_1920x0_80_0_0_4157f77b4f99b8dfc2953140aabb46c8.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы мурда кагаз түрүндө берилген жеке ишкерлердин мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрүн толугу менен санарип форматка өткөрдү.

Мекеменин маалыматына ылайык, эми ишкерлер күбөлүктүн электрондук версиясын салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу каалаган убакта жүктөп ала алышат. Бул жаңычылдык документ жоголгон учурда анын жоголгондугу тууралуу жарыя берүү талабын жокко чыгарат.

Салык кызматынан белгилешкендей, жаңы кызмат ишкерлердин убактысын жана чыгымдарын үнөмдөөгө, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнү мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.