Бишкек, 25.11.26. /Кабар/. 2026–2027-жылдардагы жазгы талаа иштерин каржылоого 20,8 млрд сом бөлүнүп, дыйкандарга берилүүчү насыялардын пайыздык ченин 6 пайыздан 3 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Bishkek Investment Forum – BIF 2026 инвестициялык форумунун алкагында "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мында негизги максат — жыл аягына чейин каражаттарды банктарга которуп, дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү.
"3 пайыздык насыя — биринчи кезекте президенттин дыйкандарга жеңилдик шарттарын түзүү боюнча тапшырмасы. 6 пайыздык насыянын өзү да жакшы шарт болчу, бирок аны дагы төмөндөтүү менен дыйкандарды колдоону көздөп жатабыз", — деди министр.
Ал белгилегендей, айыл чарбасында эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана мол түшүм алуу үчүн сугат инфраструктурасын жакшыртуу маанилүү. Бул багытта жыл сайын 12 млрд сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп, суу сактагычтарды калыбына келтирүү, жаңыларын куруу жана каналдарды бетондоо иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл чарбасын колдоого багытталган сегиз долбоордун алкагында 12,16 млрд сом бөлүнгөн. Министрдин пикиринде, каржылоонун көлөмүн жыл сайын көбөйтүү менен 2030-жылга чейин тармактын муктаждыктарын толук жабууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Ошондой эле дыйкандардын жеңилдетилген насыяларды алууда туш болгон көйгөйлөрүн аныктоо үчүн iDyikan тиркемеси иштелип чыккан. Анын жардамы менен насыя ала албай калган дыйкандардын кайрылуулары жана ага тоскоол болгон себептер талданат.
"Дыйкандар акчаны ала албай жатышканын, насыялар айрым гана адамдарга тийип жатканын айтып, сын-пикирлерин билдирип келишет. Эми iDyikan тиркемеси аркылуу ар бир дыйкандын эмне себептен насыя ала албай жатканын аныктап, маселени чечүүгө жана аларга колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деп кошумчалады Акунбеков.