«Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору алмашты

Коом Загрузка... 28 Февраль 2025 17:09
WhatsApp Image 2025-02-28 at 14.12.58.jpeg
copyright icon Эркин-Тоо

Бишкек,28.02.25./Кабар/. «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору алмашты. Бул тууралуу «Эркин-Тоо» мамлекеттик гезитине жарыяланды.

Белгилүү болгондой, кечээ, 27-февралда Жазгүл Карбосова гезиттин башкы редактору болуп дайындалды.

"Көп жылдык тажрыйбасы, ак дил мамилеси жана эмгекчил мүнөзү менен өз ордун тапкан кесипкөй, таланттуу, мыкты журналист Жазгүл Жузуповна Карбосова башкы редакторлук кызматка дайындалды. Жазгүл айымдын журналистикадагы ар тараптуу билими, калыстыгы жана чыгармачыл көз карашы «Эркин-Тоо» гезитинин дагы да алга карай өркүндөшүнө өбөлгө болору талашсыз. Анын жетекчилиги менен гезит окурмандардын ишенимдүү маалымат булагы катары өз салтын улантып, жаңы бийиктиктерди багындыраарына ишенебиз",-деп айтылат маалыматта.