Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезити басма жана санарип форматтарында окурмандарга маалымат жеткирүүнү улантууда. Учурда басылманын нускасы болжол менен 4,5 миңди түзөт, редакцияда 27 кызматкер эмгектенет. Бул тууралуу гезиттин башкы редактору Жазгүл Карбосова 35 жылдык мааракеде билдирди.
Анын айтымында, гезиттин негизги өзгөчөлүгү — мамлекеттик маанидеги расмий документтерди жарыялоо. Атап айтканда, президенттин жарлыктары, буйруктары жана Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдар мамлекет башчысы кол койгондон кийин басылмага жарыяланат. Мыйзамдарда көрсөтүлгөн күчүнө кирүү мөөнөтү алар расмий жарыялангандан тартып эсептелет.
“Эркин-Тоону” интернеттен эле окуп койсо болот деген пикирге кошулбайм. Анткени гезит расмий басылма гана эмес, архивдик документ катары да сакталат. Анын өзгөчө макамы бар. Ошол эле учурда биз басма менен чектелбестен, сайтыбызды өнүктүрүп, социалдык тармактардагы баракчаларыбызды да жигердүү жүргүзүп жатабыз” — деди Жазгүл Карбосова.
Башкы редактор белгилегендей, учурда гезиттин Instagram баракчасында, YouTube каналында, Facebook баракчасында он миңдеген катталуучулары бар. Басма гезитте жарыяланган маалыматтар сайт жана социалдык тармактар аркылуу да окурмандарга жеткирилет.
“Ал эми гезиттин көлөмү жарыялануучу материалдардын санына жана мыйзамдардын көлөмүнө жараша өзгөрүп турат. Айрым сандары 16, 32 жана 48 бет менен чыкса, жакында 128 беттик саны жарык көргөн. Былтыр болсо 448 беттик сан даярдалган. Редакциянын чакан жамааты басылманы чыгаруу менен катар сайтты жүргүзүп, коомдук иштерге да активдүү катышып келет”,-деп белгиледи башкы редактор.