Жаңы мыйзам менен жаштар, улуттук азчылыктар, аялдардын депутат болушуна шарт түзүлөт – Нарматова

Коом Загрузка... 11 Июнь 2025 17:10
WhatsApp Image 2025-06-11 at 14.20.00.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.06.25. /Кабар/. Жаңы мыйзам менен жаштардын, улуттук азчылыктардын, билимдүү, тажрыйбалуулардын ошондой эле аялдардын депутат болуп келишине шарт түзүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам күчүнө кирди.

“Жаңы күчүнө кирген мыйзам боюнча аялдар да, эркектер да бир мезгилде 3 мандат үчүн ат салышат. Биз ар бир округдан 2 эркек, 1 аял киши депутат болуп келиш керек деген белгини койгонубуз менен эркин добуш берүү болот. Мында күчтүү мырзалар менен айымдардын эл өкүлү болуп келишине шарт түзүлүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлөт. Депутаттыкка 25 жаштан ашпаган, жогорку билимдүү, өлкөдө 5 жылдан кем эмес жашаган ар бир жаран өзүнүн талапкерлигин койгонго укуктуу. Өзүн-өзү же жамааттан талапкерлигин көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар”,- деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, Надира Нарматова жыныстык жактан эки эркек бир аял сөзсүз түрдө эле болушу шарт эмес экендигин маалымдады. Себеби, бул шайлоонун жүрүшүндө эркектер менен аялдар бирдей добуш алуу укугуна ээ. Ошондуктан 2 эркек,1 аял болбостон, 2 аял, 1 эркек болуп калышы да мүмкүн экендиги кошумчаланды.

“Негизгиси шайлоочулардын талапкерлерди тандоосуна жараша болот. Буга чейин 54 депутат партиялык тизмеден, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келген болсо, эми жаңы мыйзам менен Кыргызстан боюнча 30 көп мандаттуу округдардан 90 депутат шайланып, Жогорку Кеңештин курамын түзөт. Мыйзамга ылайык, шайлоо өткөрүүдө аралыктан, электрондук добуш берүү колдонулушу мүмкүн”- дейт депутат.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти шайлоо боюнча конституциялык мыйзамды парламенттин 7-чакырылышынын бир топ депутаттары демилге көтөрүп, Жогорку Кеңешке сунуш кылышкан. Үч окуудан каралып, өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү менен конституциялык мыйзам кабыл алынып, президентке кол коюга сунушталган. Жыйынтыгында президент Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамды дыкат карап, 9-июнда кол койгон.