Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевге кандай тапшырма берилгенин айтып берди.
Анын айтымында, жаңы министр аймактардагы маданият үйлөрүн жана китепканаларды өнүктүрөт.
"Аймактарда көптөгөн маданият мекемелери, китепканалар кароосуз калып, токтоп турат. Жогоруда аталган министрликтин жаңы жетекчисине бул көйгөйлөрдү активдүү колго алып, аларды чечүү тапшырмасы берилди", - деди Байсалов.