"Жашыл" технология, темир жол: Кытайлык инвесторлор менен жаңы долбоорлор ишке ашат

Экономика Загрузка... 24 Март 2026 12:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 24.03.26 /Кабар/. Бүгүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров China State Construction Engineering Corporation компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен China State Construction Engineering Corporation ортосунда ири инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды.

Тараптар транспорттук инфраструктураны, анын ичинде автожолдорду, көпүрөлөрдү жана темир жолдорду куруу жана жаңылоо маселелерине, энергетикалык объекттерди, коммуналдык системаларды өнүктүрүүгө, ошондой эле кыймылсыз мүлк жана шаарларды комплекстүү өнүктүрүү тармагындагы долбоорлорго токтолушту.

Мындан тышкары, инфраструктуралык курулушта заманбап "жашыл" жана санариптик технологияларды киргизүү маселелери өзүнчө каралды.

CSCEC өкүлдөрү эл аралык долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбасы, анын ичинде "Бир алкак — бир жол" демилгесине катышуусу тууралуу маалымат беришип, кыргыз тарап менен кызматташуунун мүмкүн болгон форматтарын талкуулашты. Атап айтканда, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде PPP, BOT жана EPC форматтары каралды.

"Кыргызстан инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда стратегиялык өнөктөштөрдү тартууга кызыкдар. Биз CSCEC менен кызматташууну заманбап технологияларды киргизүү, инвестицияларды тартуу жана өлкөдөгү инфраструктуранын сапатын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү катары карайбыз", - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар узак мөөнөттүү инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин билдиришип, Кыргызстанда инфраструктураны куруу жана модернизациялоо боюнча конкреттүү долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууга даяр экендиктерин белгилешти.