"Жашыл" инвестицияга жол: Кыргызстан көмүртек рыногуна чыгууну көздөйт

Экономика Загрузка... 09 Июль 2026 16:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинде өлкөнүн экологиялык жана каржылык келечегине багытталган "Кыргызстандын климаттык каржылоосу, ESG жана көмүртек рыногу: кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр" аталышындагы презентациялык сессия өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, сессияда Кыргызстандын 2026-2030-жылдарга карата Климаттык инвестициялык программасы сунушталып, өлкөдө экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу (ESG) стандарттарын калыптандыруунун алгачкы кадамдары тааныштырылды.

Ошондой эле ата мекендик көмүртек рыногун өнүктүрүүнүн келечеги жана сырттан "жашыл" инвестицияларды тартуу механизмдери каралды.

Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык финансы институттарын кызыктыра турган климаттык долбоорлордун улуттук портфелин түзүүгө жана Кыргызстандын инвестициялык артыкчылыктарын дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүүгө өзгөчө басым жасалды. Катышуучулар ESG принциптерин ата мекендик бизнеске практикалык түрдө киргизүү боюнча сунуштарды ортого салышты.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору менен биргеликте уюштурулган бул иш-чарага мамлекеттик органдардын, улуттук финансы секторунун өкүлдөрү жана эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты.