"Жаштык" дирекциясынын жетекчиси алмашты

Кадрлар жана дайындоолор 1574 12 Март 2026 12:20
650222010_942901368083081_8641353543200385087_n.jpg
649824869_942901341416417_6508713864816922925_n.jpg
Алдыга
Артка
650222010_942901368083081_8641353543200385087_n.jpg
649824869_942901341416417_6508713864816922925_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Күн мурун министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясына жаңы директор болуп Келдибек Бакиров дайындалды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Келдибек Бакиров бул кызматка үч айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалып, бүгүнтөн тартып милдеттерин аткарууга киришти.

Жаңы жетекчини жамаатка агенттиктин Спорттун жогорку жетишкендиктерин талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Эрмеков тааныштырды.

Келдибек Бакиров 2017-жылы "Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын" "машыктыруучу-окутуучу" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2017–2020-жылдары — Түп балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу;
  • 2020–2022-жылдары — Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясында методист;
  • 2022–2023-жылдары — "Тайманбас" адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдеги спорт мектебинин директорунун орун басары;
  • 2023–2024-жылдары — "Жаштык" дирекциясында методист;
  • 2024–2025-жылдары — Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясында директордун орун басары;
  • 2025-жылдын июль айынан тартып — "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп эмгектенген.