Жарым жылда транспорт тармагынан бюджетке 614 млн сом түштү

Экономика Загрузка... 11 Июль 2026 18:00
WhatsApp_Image_2025-07-09_at__k8CWhlC.max-1920x1080.format-webp.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 11.07.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында транспорт тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдөн мамлекеттик бюджетке 614 млн сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17 пайызга же дээрлик 91 мдн сомго көп.

"6 айдын ичинде транспорттук ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн 10 миң 275 лицензия берилген. Ал эми эл аралык автомобиль ташууларына 117 миңден ашык уруксат кагазы таризделген. Рейддик жана пландык текшерүүлөрдүн алкагында өлкө боюнча 421 миңден ашуун транспорт каражаты текшерилген", - деди ал.

Мындан тышкары, министр транспорттук көзөмөлдүн күчөтүлүшүнүн натыйжасында 6 766 мыйзам бузуу фактысы аныкталганын белгиледи. Анын негизинде салынган айып пулдардын жалпы суммасы 101 млн 625 миң 500 сомду түздү.

"Бул көрсөткүчтөр транспорт тармагында ачык-айкындуулук камсыз кылынып, иштин натыйжалуулугу жогорулап жатканын айгинелейт2, - деди министр.