Жаратылыш министрлигинде 494 млн 949 миң сомдук дал келбестик аныкталды

Коом 1656 20 Март 2025 17:17
WhatsApp Image 2025-03-20 at 13.17.48 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-20 at 12.15.12.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-03-20 at 13.17.48 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-20 at 12.15.12.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Эсептөө палатасынын маалымат кызматы

Бишкек, 20.03.25 /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2023-жылга карата 494 млн 949 миң сомдук дал келбестик аныкталды.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдөр боюнча жетишсиздиктер, чарба субъекттеринин айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөр менен толук камтылбагандыгы ачыкталып, анда жалпы 494 949,7 миң сомдук бузуулар жана ченемдик документтерге дал келбестиктер аныкталган.

Ошондой эле, Мамлекеттик салык кызматынан өлкөгө отун ташып келүү, күйүүчү-майлоочу майларды (КММ) өндүрүү менен иштеген чарба субъектилери тарабынан 2023-жыл ичинде башка керектөөчүлөргө сатылган отундардын (бензин, дизтопливо, суюлтулган газ, авиация отуну) өлчөмү боюнча алынган маалыматтын негизинде жүргүзүлгөн эсептөөлөр боюнча көчмө булактардан (транспорт каражаттарынан) атмосфералык абаны булгагандыгы үчүн бюджетке түшпөй калган төлөмдүн суммасы 219404,3 миң сомду түзгөн.

Эсептөө палатасы ошондой эле аудит чарба субъекттерин айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөр менен толук камтуу, лицензиялык жыйымдарды өз убагында жана толук өндүрүү боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын көрсөткөндүгүн белгилейт.