Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Жакында эле Бишкек шаарында өлкөбүздүн тышкы саясаты жана эл аралык аброю үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон бир катар маанилүү иш-чаралар өткөнүн президент Садыр Жапаров бүгүнкү республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.
Президент белгилегендей, бул ири иш-чаралар Кыргызстандын эл аралык репутациясын бекемдеп, саясий диалогду кеңейтип, транспорттук, логистикалык, ошондой эле соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү арттырды.
“2026-жылы Ысык-Көл форуму, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 25-жылдык юбилейлик саммити жана ШКУ+ жогорку деңгээлдеги жолугушуусу өткөрүлүп, бир катар мамлекет башчыларынын Кыргызстанга сапарлары ийгиликтүү аяктады. Ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өткөрүлдү,- деди Жапаров.
Президент бул маанилүү иш-чаралардан кийин учурдагы өлкөнүн негизги милдети катары төмөнкүлөрдү атады.
“Азыркы учурда негизги милдет – Бишкекте жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, инвестицияларды жана жаңы долбоорлорду тартуу, транспорттук коридорлорду кеңейтүү жана алардын натыйжаларын өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, ошондой эле туристтик агымды көбөйтүүгө багыттоо”,- деди мамлекет башчысы.