Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Шейшенов Жалил Орозобекович Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун директору болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жалил Шейшенов 1975-жылы туулган.
Ал 1999-жылы И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын “Дарылоо иши” адистигин аяктаган.
1999-2002-жылдары Улуттук кардиология жана терапия борборунун илимий-билим берүү борборунун жүрөк-кан тамыр хирургиясы адистиги боюнча клиникалык ординатурасын бүтүрүп, 2002-2007-жылдары Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий изилдөө институтунун жүрөктүн пайда болгон кемтиктери бөлүмүнүн кардиохирург дарыгери болуп эмгек жолун баштаган.
2007-жылдан тартып 2021-жылга чейин Казакстандын Тараз шаарынын Кардиохирургия жана трансплантология боюнча илимий-клиникалык борборунун Кардиохирургия бөлүмүнүн башчысы, 2021-2023-жылдары ушул эле борбордо дарылоо иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген.
2023-жылдан 2026-жылдын январь айына чейин «Бишкек Кардио» илимий-клиникалык борборунун башкы дарыгери болуп эмгектенип келген.
2012-жылы Россиянын Жогорку аттестациялык комиссиясында медицина илимдеринин кандидаты илимий даражасын жактаган, 4 инновациялык патенттин, 40тан ашык илимий макаланын, Эл аралык конференцияларда 12 илимий баяндаманын автору.
2010-2023-жылдары Казакстандын Жамбыл облусунун Саламаттык сактоо башкармалыгынын кардиохирургия боюнча башкы адиси, ошондой эле көз карандысыз эксперти болуп эмгектенген. EACTS (European Association for Cardio-Thoracic Surgery), EAACTS (Euro-Asian Association of Cardiothoracic Surgeons) илимий коомдорунун мүчөсү.
Жалил Шейшеновдун жүрөк хирургиясынын негизги багыттары:
Тубаса жүрөк кемтиктеринин хирургиясы, мини-инвазивдүү кардиохирургия. Ошондой эле баштапкы деңгээлдеги дарыгерлер менен уюштуруучулук-методикалык иштерди жүргүзүү, санавиация жана телемедицина аркылуу консультацияларды берүү менен көп жылдардан бери ийгиликтүү иштеп келүүдө.
Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамоталары, «Саламаттык сактоонун отличниги» төш белгиси менен сыйланган.