Бишкек, 31.07.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, интернетте жана маалымдоо каражаттарында жалган маалымат тараткандарга айып салына баштайт. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Канатбек Исаков радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, эми жалган маалыматтарды тараткан жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салынат.
“Жалган маалыматтар боюнча укук бузуулар жөнүндө протоколду ички иштер органдары карайт. Алар Укук бузуулар жөнүндө кодекстин талаптарын карап, өздөрүнүн чараларын көрүп, протоколдорун жана биринчи материалдарын топтоо менен соттун кароосуна жиберет. Бул боюнча жогоруда айтылган айып пулдар сот тарабынан гана каралып, чектелет”,- деди Исаков.
Белгиленгендей, бул мыйзамдын максаты маалымат коопсуздугун жана жарандардын объективдүү, анык маалыматтарды алуу укугун камсыз кылуу.
“Биз жарандарыбыздын анык, чынчыл маалымат алышына шарт түзүшүбүз керек. Анткени, туура маалымат алсак, туура ой жүгүртүү болот. Бүгүнкү күндө интернет мейкиндиги, социалдык тармактар маалымат алуунун негизги булагына айланууда. Бирок, интернет мейкиндиги туура маалыматтардын, ой-пикирлердин макамына гана ээ болбостон, жалган, ачык эмес, фейк маалыматтарды жайылтуу аянтчасына айланууда. Жеке кызыкчылыгы, көздөгөн бир максатына жетүү үчүн коомчулукка туура эмес маалыматтарды жайылткандар болууда. Фейк аккаунттар кандайдыр бир окуянын толкунунда терс, туура эмес көрүнүштөрдү жаратууда”, - дейт ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы.
Белгилей кетсек, “КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга президент Садыр Жапаров 11-июлда кол коюлду. Мыйзам 18-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Аталган мыйзам менен Укук бузуулар жөнүндө кодекси анык эмес маалыматтарды таратуу үчүн жоопкерчиликти караган 1093-берене менен толукталды.