Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусунун тургундары менен жолугушууларында көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча жооптуу мекемелерге тапшырмалар берилди.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул багытта облустук ведомстволор аралык комиссиянын отуруму өтүп, анда жарандардын социалдык, инфраструктуралык, жер тилкелерине жана укуктук маселелерге байланышкан кайрылуулары талданды.
Облус башчысы Тилек Текебаев тиешелүү жетекчилерге ар бир көйгөйдү мыйзам чегинде карап, конкреттүү чечүү жолдорун аныктоону тапшырды.
Ошондой эле маселелердин чечилишин көзөмөлгө алып, жарандарга зарыл укуктук жардам көрсөтүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.