Жалал-Абадда мектеп куруудагы каржы бузуулар боюнча кылмыш иши козголду

Укук тартиби 26 февраль 2025 17:55
mektep.jpg
481044419_1141841590748222_244536055074936346_n (1).jpg
Алдыга
Артка
mektep.jpg
481044419_1141841590748222_244536055074936346_n (1).jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мектептин курулушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан “Фуркат” атындагы орто мектебинин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталып, өзгөчө ири өлчөмдөгү каражат кымырып алынгандыгы боюнча кылмыш иши козголду.

Тагыраагы, областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери “К.” ЖЧКсы менен алдын ала сүйлөшүп, иш жүзүндө аткарылбаган курулуш иштерин кабыл алып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишип, мыйзамсыз түрдө 6,3 млн сом акча каражатын төлөп беришкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Документтердин жасалмасын жасоо" жана "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, материалдар тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.