Жалал-Абадда автоээнбаштык жасаган айдоочу айыпка жыгылды

Укук тартиби 23 апрель 2025 08:55
Жалал-Абадда автоээнбаштык жасаган айдоочу айыпка жыгылды
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Жалал-Абадда автоээнбаштык жасаган айдоочу айыпка жыгылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Белгиленгендей, социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунда автоээнбаштык жасаган унаа тууралуу видео тараган.

Бул факты боюнча Жалал-Абад облусунун жол тескөөчүлөрү аталган унааны таап, айдоочусуна 15 миң сом айып салып, унаасын айып короо жайына токтотушту.