Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу өткөн Жалал-Абад облусунун аймагында эл аралык аэропорт курулат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, аэропорт куруу үчүн 385 гектар жер аянты бөлүнгөн.
“Аймакта өнүккөн транспорт системасынын болушу логистика борборлорунун ыкчам өсүүсүнө, эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмүн тартууга, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүнө шарттар түзүлөт деп ишенем”, - деди Текебаев.
Маалым болгондой, “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу” долбоорунда каттамдын белгилүү бир тилкеси Жалал-Абад облусу аркылуу өтүп, Өзбекстандын аймагына кирет. Мындан улам, аталган темир жол өткөн аймакка эл аралык аэропорттун курулушу облустун ар тараптуу өнүгүшүнө өбөлгө болот.