Жакын арада күйүүчү-майлоочу майдын баасы көтөрүлбөйт

Экономика Загрузка... 11 Март 2026 15:21
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.00.09.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Жакынкы 1-2 айдын ичинде күйүүчү-майлоочу майдын баасынын өсүшү күтүлбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Айбек Мамыралиев билдирди.

Анын айтымында, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин жана дизель майынын кымбатташы божомолдонгон жок.

"Бүгүнкү күндө бардык зарыл шарттар түзүлгөн, КММнын жетиштүү көлөмү жана кору бар. Жыл башына салыштырмалуу булардын баасы атүгүл арзандады", — деп белгиледи Мамыралиев.

Ошондой эле ал учурда күйүүчү майдын импортунун көлөмүн көбөйтүү боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.