Зергерлер: Мамлекеттик колдоо тармакты жаңы деңгээлге чыгарды

Экономика Загрузка... 25 Июнь 2026 20:10
6495edb7-4912-4982-9a22-7ee2b03824b2.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.06.26 /Кабар/. Өлкөдө зергерчилик тармагында иш алып барган ишкерлер үчүн бир катар жеңилдетилген шарттар түзүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Келдике” компаниясынын директору Базылбек Тайтаков билдирди.

Анын айтымында, буга чейин зергерлер үчүн негизги көйгөйлөрдүн бири сырьёго (чийки зат) жетүү болгон.

“Биз үчүн мурда сырьё алуу абдан оор эле. Азыр мамлекет тарабынан түзүлгөн шарттардын аркасында эшиктер кенен ачылды десек жаңылышпайбыз. Көмүскөдө иштеп келген көптөгөн зергерлер мыйзамдуу иштөөгө өтүштү. Эми мындан ары ишибизди кеңейтип, өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө өз салымыбызды кошууга аракет кылабыз”, - деди Тайтаков.

Ал эми “Алма Голд” ишканасынын директору Санжар Дооронов мамлекеттик колдоонун натыйжасында зергерчилик кесибине кызыккандардын саны өсүп жатканын белгиледи.

“Президент тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоонун аркасында зергерчилик өнөрүн үйрөнүүгө кызыккандар көбөйдү. Зер буюмдарын жасоо сапаты боюнча Түркиянын деңгээлине жакындап калдык. Баалуу металлдарга эн басуучулар дагы зер буюмдарынын сапаты жогорулап, аларга болгон ишеним артканын белгилешүүдө”, - деди ал.

“Altyngard” ЖЧКсынын директору Бексултан Жолдошевдин айтымында, мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр тармакты модернизациялоого гана эмес, кыргыз алтынын эл аралык рынокто улуттук бренд катары таанытууга да кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.

“Биздин максат – Кыргызстанды аймактагы зергерчилик борборуна, алтын хабына айландыруу. Кыргызстандын алтыны сапаты боюнча жогорку бааланат. Ал тургай, биздин алтын импорттук алтынга салыштырмалуу жогору турат”,-деди Жолдошев.

Белгилей кетсек, буга чейин мамлекет тарабынан зергерлер үчүн бир катар жеңилдетилген шарттар түзүлүп берилген.

Алардын катарында төмөндөгүлөр кирет:

  • Зергерлер үчүн салык чени 0,25%га чейин төмөндөтүлдү;
  • Зергерчиликке керектүү жабдууларды жана технологияларды импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу каралды;
  • Зер буюмдарын легалдаштыруу механизми ишке киргизилди;
  • Кыргыз зергерлерине өлкөдө өндүрүлгөн алтынды иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү;
  • Алтын дүйнөлүк рыноктогу баадан 2% арзан сунуштала баштады;
  • Жабдууларды сатып алууга жана адистердин квалификациясын жогорулатууга жылдык 6% менен жеңилдетилген насыялар бериле баштады.