Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди — Кабар

Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди

Саясат 31 август 2026 15:10
6a953f4d041b3.jpeg
6a953f8657539.jpeg
6a953f814c779.jpeg
6a953f7c2562b.jpeg
6a953f6078af2.jpeg
6a953f546bb92.jpeg
6a953f47c29b3.jpeg
6a953f4371749.jpeg
6a953f3e29f1c.jpeg
6a953f2dd0189.jpeg
Алдыга
Артка
6a953f4d041b3.jpeg
6a953f8657539.jpeg
6a953f814c779.jpeg
6a953f7c2562b.jpeg
6a953f6078af2.jpeg
6a953f546bb92.jpeg
6a953f47c29b3.jpeg
6a953f4371749.jpeg
6a953f3e29f1c.jpeg
6a953f2dd0189.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Өзбекстанстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга иш сапары менен келди. 

“Манас” эл аралык аэропортунан аны министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Шавкат Мирзиёев ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Өзбекстандын президентине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте быйыл уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.