Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде кытайлык өнөктөштөрдүн катышуусунда мейманкана курулат

Коом 06 Февраль 2025 18:02
664741640057889_big.original.jpg
WhatsApp-Image-2025-02-05-at-18.21.23-3-1-1536x.original.jpg
Алдыга
Артка
664741640057889_big.original.jpg
WhatsApp-Image-2025-02-05-at-18.21.23-3-1-1536x.original.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев кытайлык компаниялардын жана уюмдардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды ийгиликтүү өткөрүп, келечектүү долбоорлорду жана мындан аркы кызматташууну талкуулады.

Ведомстводон билдиришкендей, негизги долбоорлордун арасында Барскоон айылындагы мейманкананын курулушу талкууланды.

Белгилей кетсек, долбоор Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде кытайлык өнөктөштөрдүн катышуусунда биринчи долбоор болуп, Кыргызстанга кошумча туристтерди жана бизнес өнөктөштөрдү тартып, туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө түрткү берет.