Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында 500 орундуу жаңы мектеп курулуп, жаңы окуу жылына карата пайдаланууга даярдалды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Мектептин курулушу 2024-жылдын июль айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Долбоордун жалпы наркы 226 млн сомду түздү.
Заманбап талаптарга ылайык курулган мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, компьютердик жана эмгек кабинеттер, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы жана спорт зал каралган.
Курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, иштердин сапаты ар бир этапта текшерилген.