Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз балык уулоого жана браконьерликке каршы рейд өткөрүлүп, көлдөн болжол менен 1200 метр узундуктагы балык уулоочу тор алынды.
Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришкендей, рейд Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери тарабынан Жаркымбаев, Орукту жана Чоң-Орукту айылдарынын аймактарында жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, акваториядан 30 килограмм таштанды чогултулду.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жаратылыш ресурстарына аяр мамиле кылууга жана экологиялык талаптарды сактоого чакырды.