Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда көмөк чордондордун кубаттуулугу 42 МВАга жогорулатылат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл электр тармактарынын ашыкча жүктөө менен иштеп келген “Пржевальск” көмөк чордонунда 25 МВА күчтүк трансформатор 40 МВА күчтүк трансформаторго, “Покровка” көмөк чордонунда 10 МВА күчтүк трансформатор 25 МВА күчтүк трансформаторго, “Южная” жана “Жети-Өгүз” көмөк чордондорунда 2 даана кубаттуулугу 10 МВА күч трансформаторлорун кубаттуулугу 16 МВА болгон күч трансформаторлоруна алмаштырылат.
Ошондой эле көмөк чордон кызматы 10-35-220кВ көмөк чордондорунда 461даана электр жабдууларын капиталдык оңдоодон жана 4 миң 995 даана электр жабдыктарын техникалык тейлөөдөн өткөрүшөт.
Мындан сырткары 110-35-10кВ көмөк чордондорунда 1970-жылдары орнотулган, эскилиги жетип, эксплуатация мөөнөтүн эки эсе аткарып бүткөн өткөргүчтөрдү жаңы заманбап өткөргүчтөргө алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.
Ошону менен бирге май өчүргүчтөр вакуум жана элегаз өчүргүчтөрүнө алмаштырылат.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз
Колл-борбору : 105; 1209
Beeline: +996 772 00 1209
MegaCom: +996 556 00 1209
O! : +996 702 00 1209
Белгилей кетсек, жогоруда аталган иштер күз-кыш мезгилинин ийгиликтүү өтүшүн жана облустун керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатат.