“Ырыс Ордо” конгресс-борборун коммерциялык негизде пайдаланууга болот

Коом 25 Август 2026 10:25
778972790_1457262056542847_6472987443354544665_n (1).jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.08.26 /Кабар/. “Ырыс Ордо” мамлекеттик конгресс-борборун коммерциялык негизде колдонууга болот. Бул тууралуу борбордун ачылышында өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди.

Президенттин айтымында бул жерде Элдик курултайдын жыйындарын, мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги жолугушууларды, ири эл аралык форумдарды, ошондой эле өлкө үчүн маанилүү коомдук жана маданий иш-чараларды өткөрсө болот. Бул имараттар мамлекеттик иш-чаралар үчүн гана эмес, жеке жактар үчүн дагы, өкмөттүк эмес уюмдар үчүн дагы эшиги ачык.

“Бул имараттар мамлекеттик иш-чаралар үчүн гана эмес, жеке жактар үчүн дагы, өкмөттүк эмес уюмдар үчүн дагы эшиги ачык. Ошондой эле расмий делегациялар менен жогорку даражалуу конокторду жайгаштырууга арналган 8 конок үй да курулду. Бул үйлөрдү да коммерциялык негизде акы төлөө менен чет өлкөлөрдөн келген жогорку даражалуу коноктор үчүн пайдалансаңыздар болот”,-деди мамлекет башчысы.