“Ырыс Ордо” ар кандай деңгээлдеги конокторду тосо турган жай болот – Текебаев

Коом 24 Август 2026 19:30
WhatsApp Image 2026-08-24 at 16.26.24.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.08.26 /Кабар/. “Ырыс Ордо” ар кандай деңгээлдеги конокторду тосо турган жай болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.

Ал акыркы убактарда Кыргызстанда курулуштар абдан көп болуп жатканына токтолуп, жаңы ачылган конгресс-борбор тууралуу оюн айтып өттү.

Анын айтымында, бул борбор масштабдуу, салабаттуу, олуттуу курулуш жана өзгөчө стиль менен жасалган.

“Заманбап стиль менен тарыхый мотивде айкалышып жасалыптыр. Өлкөнүн тарыхынын ар бир эпизоддору чагылдырылган экен. Андыктан ал биздин мамлекеттин статусуна татыктуу дагы, чет элден келген ар кандай деңгээлдеги конокторду тосо ала турган жай болот.
Мындан бир нече жыл мурун келген өлкө башчылары, өкмөт мүчөлөрү бул өзгөрүүлөргө таң калса керек. Менин бир гана каалоом бар. Бул зал улуу урматтуу адамдар үчүн гана эмес, карапайыи эл үчүн дагы ачык болушу керек. Мамлекеттик иш-чаралардан кийин дагы маданий, илимий иш-чаралар болуп, жөнөкөй адамдар да кирип турса, анда ал накта элдик үй болуп калат”, - деди Өмүрбек Текебаев.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Ырыс Ордо” конгресс-борбору расмий түрдө ачылды. Мамлекет бул борбордо эл аралык саммиттерди, форумдарды, расмий кабыл алууларды жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.