Кыргызстандын өнүгүүсүнүн жаңы этабы башталды – Текебаев

Пикир 2 сентябрь 2026 18:35
Кыргызстандын өнүгүүсүнүн жаңы этабы башталды – Текебаев
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 02.09.26 /Кабар/. 90-жылдары башталган улуттук кайра жаралуу тенденциясы бүгүн жаңы баскычка өтүп жатканын Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 35 жыл өткөндөн кийин улуттук кайра жаралуунун экинчи деми, жаңы этабы башталууда.

  • “90-жылдары дүйнө өзгөргөн. Азыр да дүйнө өзгөрүп жатат. Мындай учурда элдерге, анын ичинде чакан мамлекеттерге да жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат экен. Биз да ошол мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып жатабыз.
Экономика жылдан-жылга туруктуу өсүп жатат. “Нан болсо, ыр да болот” дегендей, экономика өскөн сайын биз өзүбүздүн тарыхыбызга, маданиятыбызга да көңүл бура баштадык. Анткени ар кандай амбициялык пландын тамыры, фундаменти болушу керек. Анын негизи тарыхыбызда жана маданиятыбызда жатат.
Менимче, бүгүнкү Көчмөндөр оюндары, чыгармачылык иш-чаралар, этномузыка жана этнографиялык көргөзмөлөр — мунун баары ошол улуттук кайра жаралуунун көрүнүшү. Көрүүчүлөр абдан көп. Мени чет элдиктердин келгени эмес, өзүбүздүн жарандардын, ар кайсы аймактардан келген жаш балдардын, аксакалдардын жана энелердин кызыгуу менен көрүп, кыдырып жүргөнү таң калтырды.
Бир жагынан кубанып, экинчи жагынан сыймыктанып турам. Кыргызстандын өнүгүүсүнүн жаңы этабы экономикада да, маданиятыбызда да, өзүбүздү таанып-билүүдө да байкалууда”, — деди Текебаев.