Кыргызстан менен АКШ кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат Загрузка... 12 Февраль 2025 17:35
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев менен Кыргызстандын Чикагодогу башкы консулу Болотбек Борбиев АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун басары Джон Поммершайм менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Саясий диалогду күчөтүү, санкциялар боюнча өз ара аракеттенүү жана долбоордук-программалык иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулду. АКШнын жаңы миграциялык саясаты боюнча да пикир алмашуу болду.

Элчи Айбек Молдогазиев АКШнын жаңы администрациясынын негизги багыттарда кызматташууну активдештирүүгө, ошондой эле түзүлгөн консультация механизми жана С5+1 форматы аркылуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө даярдыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар конструктивдүү диалогду улантууга өз ара умтула тургандыгын ырасташты жана кыргыз-америка кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пландарды белгилешти.