Японияда XX Азия оюндарынын ачылыш аземи өттү

Спорт 19 сентябрь 2026 18:10
IMG_3373.jpeg
IMG_3374.jpeg
IMG_3375.jpeg
IMG_3376.jpeg
IMG_3378.jpeg
IMG_3377.jpeg
IMG_3379.jpeg
IMG_3381.jpeg
IMG_3382.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3373.jpeg
IMG_3374.jpeg
IMG_3375.jpeg
IMG_3376.jpeg
IMG_3378.jpeg
IMG_3377.jpeg
IMG_3379.jpeg
IMG_3381.jpeg
IMG_3382.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 19.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 19-сентябрда Япониянын Нагоя шаарында XX Азия оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө Азия өлкөлөрүнүн спортчулары, анын ичинде Кыргызстандын спортчулары да өлкө желегин көтөрүп, салтанаттуу параддан өтүштү.

Ачылыш аземи концерттик программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, Кыргызстан XX Азия оюндарына спорттун 30 түрү боюнча катышууда. Өлкөнүн атынан жалпы 168 спортсмен жана 58 машыктыруучу бар.

Мындан тышкары, спортчуларга медициналык жардам көрсөтүү жана калыбына келтирүү иштерин камсыз кылуу максатында Кыргызстандын делегациясынын курамында 7 дарыгер жана массажист бар.

Мелдештер 4-октябрга чейин өтөт.