Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи Чолпон-Ата шаарында өтүүдө.
Анда көчмөн цивилизациясы театралдаштырылган программа менен көрсөтүлүп, андан соң чет өлкөлүк жана жергиликтүү аткаруучулардын концерти менен коштолууда.
"Кабар" агенттигинин сүрөтчүсү жеринен иш-чараны сүрөттөр аркылуу баяндап берүүдө.
Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин созулду.
Иш-чаранын ачылыш аземи "Бишкек Арена" стадионунда өткөн.