Уюштуруу комитети: IV Элдик курултайды өткөрүүгө даярдык жакшы

Элдик курултай Загрузка... 11 Декабрь 2025 19:00
437d3b3fe0b3727cf2a838f008cfcda8.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Күн мурун Элдик курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги отуруму болуп өттү. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине аталган комитеттин мүчөсү Болот Исаев билдирди.

Анын айтымында, отурумду жаңы дайындалган мамлекеттик катчы Арслан Койчиев өзү жетектеп, талкууга курултайды уюштуруу комитетинин мүчөлөрү менен бирге онлайн аркылуу президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты.

Маалымдалгандай, бул отурумда IV Элдик курултайды өткөрүүгө карата аткарылып жаткан, пландаштырылган иштер, даярдыктар боюнча төрт маселе каралган:

  • Делегаттарды кабыл алуу жана 24-декабрга пландалган иш-чаралар каралды;
  • Эки күнгө белгиленген IV Элдик курултайдын программасы талкууланды;
  • IV Элдик курултайдын программасынын календарлык планы талкууланды;
  • Делегаттардын документ иштери, маалыматтар менен камсыз болуусу жана башка техникалык иштер каралган.

“Бул төрт маселени карап чыгууда IV Элдик курултайды өткөрүүгө даярдыктар жакшы. Бардык маселелер эске алынгандыгы, негизги даярдыктар бүтүп, айрым маселелердин үстүндө тактоолор болуп жаткандыгы боюнча кеңири талкуу болду. Буга чейин республиканын бардык аймактарынан Элдик курултайдын Улуттук кеңешине 17 кишиден турган өкүлчүлүктөр сунушталган. Ал боюнча атайын квота берилип, жер-жерлерден өкүлдөр сунушталды. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү академик Чолпонкул Арабаев менен Абдрахман Алымбаев аймактарда делегаттардын жыйындарына катышып, Улуттук кеңешке өкүлдөр шайланды”,- деди Исаев.

Курултайда шайланган өкүлдөр алдын ала өз жыйындарын өткөрүп, Улуттук кеңештин төрагасын жана эки орун басарын шайлашмакчы. Алар Элдик курултайдын жалпы жыйынына бекитилет.

Белгилей кетсек, программада президенттин кайрылуусу, андан кийин Жогорку Кеңештин төрагасынын жана министрлер кабинетинин төрагасынын баяндамасы камтылган.

“Президенттин кайрылуусунда Кыргызстандын, жалпы коомчулуктун ички жана тышкы саясаты жөнүндө кеңири маселе көтөрүлөт. Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын баяндамасында дагы чоң маселелер ортого салынып, талкууга коюлушу күтүлүүдө. Ушул минкаб төрагасынын баяндамасында III Элдик курултайда көтөрүлгөн маселелердин аткарылышы тууралуу маалымат айтылыш керек. Айрыкча, II, III курултайда айтылган сунуштардын аткарылышы, азыркы учурдагы абалы боюнча баяндама-билдирүү болот. Курултайда түшкөн сунуштар, алардын чечилиши, аткарылыш этабы тууралуу бүт жыйынтыктар ушул билдирүүдө айтылыш керек”,- деди уюштуруу комитетинин мүчөсү.

Учурда коомчулук кезектеги IV Элдик курултайдын делегаттарынан өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган ири программалар, стратегиялык документтер менен байланышкан сунуш-пикирлерди, келечекти аныктай турган орчундуу темаларды күтүүдө.

Саясий серепчи, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров IV Элдик курултайда өкмөт тарабынан ансыз деле аткарылуучу социалдык маселелер эмес, жалпы коомду түйшөлткөн көйгөйлөрдү көтөрүүгө чакырды.

"Курултай жашоо турмушубуздагы терс көрүнүштөрдү жое турган институт болушу керек. Мисалы, балдарга жана аялдарга карата зомбулук, билим берүүнүн деңгээли жана башка ушуга окшогон келечектүү маселелер курултайда көтөрүлүп, талкууланышы керек. Анткени, азыр аймактарда билим берүүнүн сапаты төмөн, мугалимдер жетишсиз деген пикирлер көп айтылууда. Баары эле чыгып өз көйгөйлөрүн айтып кете беришпей, орчунду коомдун көйгөйүнүн тегерегинде талкуу болушу шарт. Биз курултайды нукура элдик, коомдун маселелерин көтөрө турган бир институтка айландырышыбыз керек”,- деди Акеров.

Ал эми Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү Абдрахман Алымбаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде “Уңгу жол” программасына байланышкан салт, нарк, руханий тарбиялоо багытындагы маселелерди көтөрүү колдоого алынарын белгилеген. Анткени, делегаттардын көбү айылдардан шайланып барганы менен улуттун жыйынынын өкүлү катары мамлекеттин, улуттун деңгээлиндеги маселелерди көтөрүүлөрү зарыл.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, быйыл IV Элдик курултай 25-26-декабрда Бишкек шаарында өтөт. Уюштуруу комитети маалымдагандай, IV Элдик курултайга өлкөдөгү 231 айыл аймактан жана 33 шаардан жалпы 700 делегат шайланган. Ушул делегаттардын ичинен курултайдын Улуттук кеңешинин 17 мүчөсү өздөрүнүн ичинен төрага жана эки орун басар шайлайт.